Медина шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарына сапар алышты

Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарында умра ибадатын аткарып жаткан кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишти. Бул туурасында жеринде ажы башчы милдетин аткарып жүргөн Бактыбек ажы Түнгатаров билдирди.

Умра ибадатын аткарып жүргөн зыяратчылардын ден соолуктары жана ал абалдары жакшы.

 «Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган умра сапары жогорку деңгээлде өтүүдө. Себеби зыяратчылар үчүн бардык шарттар каралган. Биз зыяратчылар менен биргеликте сүйүктүү пайгамбарыбыздын мечитине, Куба, Кыблатейн мечитине жана УхутХандак тоолоруна бардык. Муну менен катар ыйык Медина шаарындагы Куран басма канасында болдук. Зыяратчыларыбыз өздөрүнүн ыраазычылыктарын гана айтышууда»,-деди ажы башчы.

Муну менен катар урма сапарында жүргөн зыяратчыларга атайын умра ибадатын шарият көрсөткөн тартипте аткаруу үчүн атайын сабактар дагы уюштурулууда.