2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 7525 жаран акча каражатын төлөдү

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 16-декабрдан 30-декабрь, саат 17:00го чейин 7525 жаран РСК банкына акча каражатын төлөгөн. Учурда ажылыкка катталган жарандардын документ иштерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарына каттоо иши 16-декабрда башталып, 30-декабрь саат 17:00до аяктаган.