Курамында желатин бар азыкты же даарыны колдонсо болобу?

Желатин деген эмне?

Желатина, желатин (фр. gelatine — тоңгон, муздаган) — жаныбарлардан алынган белоктуу заттардын аралашмасы.

Желатина сөөк, каргыш, кемирчекти сууга көпкө кайнатуудан алынат. Даамсыз, жытсыз, тузсуз же сары зат келет. Желатина медицинада, биологияда (кан токтотуучу каражат катары ж. б.), тамак өнөр жайында (желе, мармелад жасоо үчүн), техникада (картон, жогорку сорттогу кагаздарды чаптоо үчүн) колдонулат. [1]

Азыркы учурда желатин көп тармакта колдонулат. Желатин  жаш балдардын азыктарында, сүт азыктарында, суусундуктарда, кондитер азыктарында, тиш пастасында, кремдерде, сагызда, даары дармектерде кездешет.  Желатиндин көп түрү бар.

Көп продукциянын курамында желатин бар деп жазат, бирок кайсы малдын желатини экени так жазылбайт. Ошондуктан жөн эле желатин деп жазылса көпчүлүк учурда ал чочконуку болот.

Ошондой эле кээ бир продукцияда желатин деп жазбастан Е 441 деп жазылат.

Шарияттын талаптарына ылайык продукциянын бардык кошулмалары адал болушу керек.

Алла Таала Курани каримде мындай деген.

حُرِّمَتْ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةُ وَالدَّمُ وَلَحْمُ الْخِنزِيروَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ وَالْمُنْخَنِقَةُ وَالْمَوْقُوذَةُ وَالْمُتَرَدِّيَةُ وَالنَّطِيحَةُ وَمَا أَكَلَ السَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيْتُمْ وَمَا ذُبِحَ عَلَى النُّصُبِ وَأَن تَسْتَقْسِمُوا بِالْأَزْلَامِ ۚ ذَٰلِكُمْ فِسْقٌِ

 Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) атап союлган жандыктын эти жана «азлам» менен пал ачууңар арам кылынды. (Маида,3)

Алла Таала айтат:

 قُل لَّا أَجِدُ فِي مَا أُوحِيَ إِلَيَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمٍ يَطْعَمُهُ إِلَّا أَن يَكُونَ مَيْتَةً أَوْ دَمًا مَّسْفُوحًا أَوْ لَحْمَ خِنزِيرٍ فَإِنَّهُ رِجْسٌ أَوْ فِسْقًا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ ۚ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ (145)

Пайгамбарыбыз (САВ): “Мага билдирингендерден мен тамак үчүн: өлгөн малдын эти, кан жана чочконун этинен башка арам кылынган нерсени таппадым, анткени булар чынында эле ыплас жана булганыч жана Аллахтан башканын аты аталгандары (союлгандар дагы)”,-деп айт… (Аньам,145).

Бул аяттарда чочконун анык арам экени так айтылды. Бардык аалымдар чочконун бардык мүчөсү арам аларды колдонгонго болбойт деген чечимдерди чыгарган.

Кээ бир адамдар шариятта “эгер бир зат башка экинчи затка өзгөрсө” аны колдонсо болот деген эреже бар экен демек “чочконун териси, кемирчектери кайра иштетүүдөн өткөндөн кийин башка затка өзгөрдү” деп айтышса аларга мындай деп жооп беребиз.

Азыркы окумуштуулардын изилдөөсүндө химиялык ыкма менен өндүрүлгөн чочкодон чыккан желатин толук бойдон өзгөрбөйт.  Бул туурасында  Миср өлкөсүнүн желатин өндүрүүчүлөр фирмасынын башкаруучулар кеңешинин жетекчиси доктор Рафик Шаркавий “Чочконун териси жана сөөгү толук бойдон өзгөрбөстөн бир аз гана өзгөрөт. Лабораториялык текшерүүдөн өткөргөндө чочконун терисинен жана сөөгүнөн алынган желатиндин эмнеден чыккандыгын дароо эле аныктаса болот. Толук өзгөрдү деп айтканга болбойт”,-деген.[2]  Аалымдар “бир заттан экинчи затка өзгөрүш керек дегендин мааниси” ал зат деформация эле болбостон толук бойдон трансформация болуусу зарыл. Ал эми чочконун желатини деформация эле болот.

Желатиндин көп түрү бар

  1. Өсүмдүктөн алынган желатин. Мындай желатиндин түрлөрүн азыктарда жана дары-дармекте колдонсо болот адал.
  2. Шарият талабына ылайык союлган жаныбарлардан алынган желатин. Бул дагы адал.
  3. Балыктан алынган желатин. Бул да адал.
  4. Чочкодон алынган желатин. Бул толук бойдон арам.
  5. Шарият таалабы боюнча союлбаган малдан чыгарылган желатин. Бул да арам.

Желатиндин ордуна колдончу заттар да бар. Алар агар-агар жана пектин.

Агар-агар бул деңизде жана океандарда өскөн балырлардан өндүрүлүп ар кандай иштетүүлөрдөн кийин желатиндин ордуна колдонулат.

Ал эми пектин бул алманын, цитрус, кант кызылчасы, ашкабак жана башка жемиштерден алынган ширеден жасалат.

Ошондуктан ар бир мусулман ар бир өндүрүшчү дүкөндө сатылган азыктардын курамына көңүл буруп алуусу зарыл. Адал арамды ажыратып билүү ар бир мусулмандын милдети.

2] Ал-бухус алфикхия муасира 31/28.

Даярдаган: Токтогазы уулу Бактияр ажы. 

КМДБнын фатва  бөлүмүнүн адиси 

https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%96%D0%B5%D0%BB%D0%B0%D1%82%D0%B8%D0%BD%D0%B0


[