Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби келечек ээлерин мыкты билим алууга чакырды

Бүгүн, 30-январда Жалал-Абад облусуна караштуу  Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу шаарындагы  №3-орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда мектеп окуучуларын адептүүлүккө, билим алуунун зарылдыгына токтолуп, убакытты туура пайдаланууга чакырды.

«Кечээки күнүбүз тарых. Аны эч качан өзгөртө албайбыз. Эртеңки күнүбүз тагдыр. Аны болуп өтмөйүнчө билбейбиз. Ал эми бүгүнкү күнүбүз бизге берилген чооң немат. Мына ушундай  тынчтык күндөрдү, ден соолукту берген Аллага шүгүрлөрдү келтирели. Убактыбызды барктай-баалай билип, жакшы окуп мамлекетибизге кызмат кылып, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө өз салымыбызды кошолу”,- деди баш имам хатиб.