Ноокаттын Кеңеш айылында 300 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Ноокат районуна карштуу Кеңеш айылындагы 300 орундуу  жаңыдан курулган «Байыш» мечитинин ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мечит демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, бардык талапка жооп бере алган жабдыктар менен камсыздалды.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев мечит куруунун соопторуна токтолуп, курулуш иштерине активдүү жардам көрсөткөн кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Чындыгында ибадаттын түрлөрү аябай эле көп. Кимдир бирөө чын дили менен, кимдир бирөө мал-мүлкү менен  ибадат кылышат. Экөөсүнүн тең сооптору эбегейсиз. Бул жерде буюрса мал-мүлкү менен болгон ибадат аткарылды, эми ушул мечитти толтурулуп, элибиз ыйманга сугарылып, адептүү жаштарыбыздын катары көбөйө берсин», — деди Музаффар ажы Турдубаев.