Алай районунун баш имам хаиби Тиллабай ажы Кадыров билим алуунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын жасады

Ош облусунун Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Нуржигит Кадырбековдун Алай районунун Гүлчө айылына караштуу Тапык Отунчиев мектебиндеги окуучулар менен болгон жолугушуусуна катышты.

Анда Нуржигит Кадырбеков ыйман, адеп, мугалимдин урматтоого чакырып, окуучуларды адептүүлүккө, биримдикке, ынтымакка жана билим алууда өжөр болууга чакырды.

Ал эми Алай районунун баш има хатиби Тиллабай ажы Кадыров Ислам дининдеги билим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Ислам дининде илим алуу парз болуп эсептелет. Курандын эң эле алгачкы аяты «оку» деп келет. Жараткан Аллах өзүнүн дагы бир аятында  «Айткын билгендер менен билбегендер тең боло алабы?,»-деп айтууда. Бул аяттар  илимдин маанилүүлүгүн далилдеп тураары анык», — деди Тиллабай ажы Кадыров.