Чоң-Алай районунда окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү

Ош облусунун Чоң-Алай районунун хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары мектеп окуучуларын адептүүлүккө, ыймандуулукка, биримдикке жана билим алууда күжүрмөндүкө чакырууда.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата өткөрүлүп келүүдө.

«Бул иш-чара жума сайын эле болуп турат. Кызматкерлерибиз топ-топ болуп тиешелүү мектептерге бөлүнүп өтүп келүшүүдө. Өткөн жылы бирдиктүү программанын негизинде белгилүү мөөнөт ичинде ай сайын 1 саат болсо да жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырып келгенбиз, — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.