Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев терроризм жана суицитти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кечээ, 29-январ күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев укук коргоо органдары менен биргеликте Кара-Кочкор айыл өкмөтүндөгү бардык мектептерде терроризм жана суицитти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата өткөрүлдү.

Иш-чарага Кара-Кулжа РИИБдин КККнын ЖИИ инспектору Советбек Касаманунов мектеп директорлору жана окутуучулары катышты.

«Жараткан бул дүйнөнү сыноо катары берген. Бул кыска сапар кең жана түбөлүктүү жашоого алып барат. Чындыгында бул дүйнө кыска, бирок аябай маанилүү. Бул дүйнө жашоосун сен чечпедиң, акырет жашоосун өзүң чечесиң. Ислам дининде өзүн жанын өзү кыюга тыюу салынат жана эң чоң күнөөлөрдөн болуп саналат», — деди Дастан ажы Мамаев.