Ноокат районунун хатибияты 10 муктаж үй-бүлөгө 30 000 сомдук жардам көрсөттү

Ош облусунун Ноокат районунун хатибият кызматкерлери тарабынан жардамга муктаж болгон 10 үй-бүлөгө 30 000 сомдук күнүмдүк жошоого керектелүүчү тамак-аш азыктары жана жылытуучу көмүр сатылып алынып, жеринде берилди.

Мындан сырткары 600 сом өлчөмүндө накталай акча берилди. Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Ноокат районунун хатибияты тарабынан каржыланды.

«Максатыбыз муктаж болгон жарандарыбыздын көңүлүн алуу, аларды кубантуу. Аз да болсо жүздөрүнө жылмаюу тартуулоо. Ошондой эле башкаларга өрнөк болуу», — деди Музаффар ажы Турдубаев.