Майлуу-Суу шаарында имамдардын жыйынында кайсы маселенин үстүнөн иштөө зарылдыгы айтылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков калаанын «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы борбордук мечитте имамдардын айлык жыйынын өткөрдү.

Жыйында бир нече маселе каралып, алардын ичинен азанды убагында айтуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана он сегиз жашка чейинкилерге нике кыйбоо маселелерине басым жасалды.

“Имамдар он сегиз жашка чейинкилерге нике кыйуудан сак болуңуздар. Биз ушул мамлекеттин жараны болуп, ушул мамлекетте жашап жаткан соң, мамлекеттик мыйзамдарды сыйлайлы. Ошондой эле ысырапкерчилик боюнча дагы күрөшүп, ашыкча чыгымдарды дагы кыскарталы”- деди Абсатар ажы Эркинбеков .