Аксы районунда аз камсыз болгон 12 үй-бүлөөгө кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Бүгүн, 30-январь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук хатибияты  жергиликтүү “Ыйман” фонд менен биргеликте аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүктөрдү таратышты.

Азык-түлүккө жалпы 15 миң сом каражат сарпталып, ага тамак-аш азыктары сатылып алынды.

Жергиликтүү жамааттан түзүлгөн “Ыйман” фонду бир нече жылдан бери райондук хатибият менен биргеликте кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Фонд колунда жок үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардамын көрсөтүп келет.