Манас районун аймагында жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарынан “Садака жарыя” коомдук уюму тарабынан Манас районундагы хатибиятына азык-түлүк кайрымдуулук жардам келип түштү.

Анын ичинде бир үй-бүлөнүн тамак-ашына керектелүүчү 10 кг ун, 5кг макарон, 5 л май, 3кг кумшекер, 3кг күрүч болуп жалпы 26 килограмдык 1300 сом турган азык-түлүк 50 үй-бүлөгө таркатылып берилди.

“Ушул кайрымдуулук жардамга 65000 сом жумшап жол киресин төлөп, биздин районго жеткирип берген азаматтарыбызга жана аны таратууда жигердүү салым кошкон имамдарыбызга Аллахым ыраазы болсун. Иш башында турган жана Манас хатибияты менен тыгыз байланышта болгон Ибраимов Израил акебизге да терең ыраазычылык билдиребиз”,- деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.

Тизме боюнча район аймагындагы Арал, Чеч Дөбө,  Кызыл- Жылдыз, Кеңеш, Покровка, Май айылдарына таркатылды. Кийинки жардам Жайылган, Бала-Саруу, Чоң–Капка, Ак- Таш, Таш -Башат айылдарына бөлүнөт. Мындан тышкары Кызыл-Жылдыз айылындагы кризистик борборго дагы азык-түлүк тапшырылат.