Сузак району боюнча бардык жума окулуучу мечиттердин абалы текшерилүүдө


Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун баш имам Хатиби Жунус ажы Исмаилов  Жалал-Абад областук мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев менен биргеликте Сузак айылындагы «Зухриддин эшен» жума мечитин текшерүүгө алды.  

Текшерүү учурунда мечиттин тазалыгы, жылуулугу, азан убактылары, имамдардын кийип жүргөн формасы, бирдиктүү жума хутбаларынын сакталышы боюнча жүргүзүлдү.

Айта кетсек, район боюнча  67 жума окулуучу мечит болсо анын 24 мечит текшерүүдөн өттү. Текшерилген мечиттерде кемчиликтер болсо эскертүүлөр айтылып, анын үстүнөн иштөө тапшырмалары берилди. Ал эми калгандары кезек-кезеги менен жеринде текшерилбейт.