Талас районунда имамдардын билимин жогорлатуу боюнча 3 күндүк окуу семинары уюштурулат

Талас районунун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек Талас районунун имамдардын билим денгээлин жогорулатуу максатында 3 кундук окуу семинарын уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү. 

Анда ушул жылдын 8-10- февраль күндөрү имамдардын шарияттык диний билимин жогорулатуу максатында Куран, Хадис, Фикх, Акыйда, Тажвид илимдери боюнча окуулар уюштурулмакчы.

“2020-жылда белгиленген пландын негизинде облустук деңгээлде » Диний экстремизм жана терроризмге каршы» деген  темада 2 жолу илимий конференция уюшуруу. Мындан тышкары өкмөт, мектептер, укук коргоо органдары ж.б менен тыгыз байланышта иш алып барууну жандантуубуз зарыл,”- баш имам хатиб Жолдошбек уулу Канатбек.