Талас районунун имамдары январь айындагы аткарган иши тууралуу отчет тапшырды

Талас облусунун Талас районуна караштуу  Кырк казык айылындагы «Изабек уулу Корчубек» атындагы мечитинде райондун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канатбек Талас районунун имамдарынан 2020-жылдын январь айында аткарган иштери туралуу отчёт алды.  Аны менен катар ушул жылы жалпы  28 иш планын аткарууну пландашты.

 Андан соң Ислам университети тарабынан уюштурулуп  жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп конкурсу боюнча имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) жашоо таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептерди имамдарга тапшырды.

“Бул китептерде конкурстан тышкары имамдарга керектүү маалыматтар өтө көп жана пайдалуу кеңештерге бай”,- деген оюн билдирди баш имам хатиб Жолдошбек уулу Канатбек.

Жыйынтыгында имамдар алган китептердин негизинде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн айтышты.