Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы райондордун баш имам хатибдеринин 2020-жылдын иш планын түзүүнү тездетүүгө чакырды

Кечээ, 28-январда Талас районунун “Кумарык” айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинде Талас облусунун казысы  Таалайбек ажы Бапиев райондордун баш имам хатибдеринин отчётторун алып, 2020- жылдын иш планын түзүүнү тездетүүгө чакырды.

Өткөн жылдагы айрым бүтпөй калган иштерди кайра карап чыгып, ушул жылдын жылдык планына киргизүүнү белгиледи. Райондордун баш имам хатибтерине айыл тургундарына, жашоочуларга Ислам дини боюнча туура, так маалымат жеткизүүнү тапшырды. Ар бир мечиттердеги чечилбеген көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолун табуу жагы каралды.

Соңунда Талас облусунун казысы баш имам хатибтердин иштерине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди.