Жалал-Абад шаарында мэриянын өкүлдөрү диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

Кечээ, 28-январда Жалал-Абад  облусуна караштуу Жалал-Абад шаардык хатибиятынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков жана Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев  Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия менен биргеликте шаардагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу менен текшерүүгө алышты.

Комиссиянын курамы ДИМКнын  Жалал-Абаддагы өкүлү Н.Кайсарбаев, ШИИБнин башчысы Э.Молдокеев жана башкалар жалпысынан тогуз адамдан түзүлгөн.

Мындай текшерүү Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан аткарууга милдеттендирилген иш мерчемдердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, шаардагы жалпы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан диний уюмдарга, медресе, окуу борборлорго  жана чиркөөлөрдүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу максатында жүргүзүлүүдө.

Мониторинг аталган диний уюмдарга  2020-жылдын 28-январынан  4-февралга чейин жүргүзүлөт.