ФОТО: Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти

Умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарына келишти. Учурда зыяратчылар ыйык Харам мечитине келишип, Мекке шаарында аткарылуучу ибадаттарын башташты.

«Зыяратчыларыбыздын абалдары жакшы, Медина шаарынан атайын сабактар уюштурулуп, ыйык жайлар менен таанышып келишти. Эми минтип Мекке шаарына келип жеттик. Бул ыйык жерден дагы биз умра ибадатын туура аткаруу үчүн атайын сабактарды уюштурабыз»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев.

Ал эми умра башчылык милдетти аткарып жүргөн Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан умра сапары жогорку денгээлде өтүп жаткандыгын айтып, зыяратчыларга бардык шарттар бар экендигин баса белгиледи.