Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев белгилүү дин аалымы шейх Ахмад ат-Тайиб менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетиндеги  иш сапары алкагында дүйнө жүзүнө белгилүү болгон «Аль-Азхар» университетинин башкы имамы, белгилүү дин аалымы шейх Ахмад ат-Тайиб менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташуу жаатында пикир алышып, билим берүү системасын жакшыртуу жана жогорку билимдүү адистерди  даярдоодо боюнча сүйлөшүштү.

Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  «Аль-Азхар» университети менен кызматташууну мындан дагы жакшыртаарын айтып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.