Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирде өткөн «Пикирди жаңылоо жана шарият илимдери» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан «Пикирди жаңылоо жана шарият илимдери» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышты.

Эл аралык конференцияга дүйнөдөгү белгилүү дин аалымдары, серепчилер, ойчулдар катышып, 6 негизги маселеге токтолушту.

Алар:

-Илим

-Дасыккан хутба чеберлерин даярдоо

-Жума хутбаларын заман талабына ылайык өткөрүү

— Куран жана тил үйрөнүү илими

-Пайгамбарыбыздын САВ сүннөтү

-Фыкх, акыйда жана философия илимдери.

««Пикирди жаңылоо жана шарият илимдери» аталышындагы Эл аралык конференция алкагында үй-бөлө, жаштар, адеп-ахлак, социалдык маселелер жана аялдардын укуктары талкууланды. Ошондой эле жаңы, заманбап маселелерди шарияттын негизинде чечүү маселеси каралды»,-деди Азирети Муфтий.

 Муну менен катар жаштарды экстремизмистик көз караштардан арылтуу жана аларга Ислам динин асыл баалуулуктарын жеткирүү маселеси каралып, дин аалымдары калк арасында байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары керектиги айтылды.