Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу илимий сапар менен Баткен облусуна келди

Бүгүн, 28-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу илимий сапар менен Баткен облусуна келип, аймактагы дин кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө дин кызматкерлерине «Акыйда» темасынын алкагында баяндама айтып, дин кызматкерлерин өз ара ынтымакка, биримдикке чакырды.

Ошондой эле өз сөзүндө «Имамдар элдин руханий дарыгер,андыктан жоопкерчилик, тазалык, адеп-ахлакта үлгү көрсөтүү керек»- деди Молдо Сабыр  Досбол уулу

Ал эми жыйын жүрүшүндө дин кызматкерлери өздөрүнүн суроолоруна жооп алууга мүнкүнчүлүк түзүлдү. Аны менен катар дин кызматкерлери Молдо Сабыр  ажыга ыраазычылыктарын билдирип, дин аалымы менен байма-бай жолугушууларды өткөрүп турууну өтүнүштү.