Сосновка айылында балдарды коргоо жылына карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылындагы «Сосновка» орто мектебинин окуучуларына таалим-тарбиялык лекция өтүлдү. Бул тууралу Чүй казыятына Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, өткөрүлгөн лекция 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата уюштурулган.

Иш-чарага Сосновка айылынын имамы Асейин Темирбек уулу, Жайыл районунун ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Расул Карыбеков, «Сосновка» орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Аида Абдыкулова, мектеп мугалимдер жана окуучулар катышышты.

Иш-чара алкагында ар бир кызматкер өзүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, окуучуларды тартиптүү болууга чакырышты.

«Азирети Али мындай деп айткан: «Мага бир тамга үйрөткөн адамга мен кул боломун, кааласа мени иштетсин, кааласа мени сатып жиберсин». Мугалимдер биздин башыбыздагы таажы болот. Аларды урматтап, кадыр-баркын билели» — айыл имамы Асейин Темирбек уулу.

«Күчтүү мамлекет деген – бул илимдүү, билимдүү жаштар болгон мамлекет. Мамлекетибиз күчтүү болсун десек, илим алууга умтулалы, жаштыгыбызды текке кетирбейли», — Расул Карыбеков.

Лекция акырында мугалимдер, окуучулар өз ыраазычылыктарын айтышып, ушул сымал лекциялар көп болуп туруусун суранышты.