Алай районунда айрым дүкөндөрдө спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылды

Ош облусунун Алай районунун Сопу айылдык аймагында Алай районун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыровдун демилгеси жана жергиликтүү тургундардын сунушу менен айрым дүкөндөрдө спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылды.

Айыл эли мындай кадамга ичкиликтин арты жакшылыкка алып барбай турганын, мунун кесепетинен араздашуулар көбөйүп жатканын белгилеп, дүкөндөрдөн ичимдикти сатып алышып, айыл четине барып төгүшкөн.

«Аруу тазалыктын дини болгон Ислам дининде мас кылуучу спирт ичимдиктерин ичүүгө тыю салынат. Жада калса биздин үрп-адат, салтыбызда да көрүнбөгөн жат көрүнүш. Канчалаган үй-бүлө дал ушул арактын кесепетинен ажырашты. Канчалаган адамдардын тагдыры талкаланып жатат», — деди Тиллабай ажы Кадыров.