Кара-Сууда №103-каттамында маршруттун айдоочусу жума күндөрү жашы 60дан жогору жарандардан жол акы албайт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Имам Ата айылынын тургуну Сардарбек Абжаббаров көп жылдан бери айдоочулук кесибин аркалап келет.

Башка айдоочулардан айырмаланып, ал жума күндөрү жашы 60дан жогору жарандардан жол акы албайт. Мындай сооп ишине жергиликтүү тургундар деле көнүп калышкан.

Шарк айл өкмөтүнүн имамы Юсуфхан Ахматалиев Сардарбектин жасаган сооп иштеринен улам жаматтын атынан ыраазычылыгын билдирип келет.

«Сардарбек биздин жаматтын имамы. Ар жума күндөрү жашы 60тан жогору жарандардан жол акы албайт. Сооп табуу үчүн колдон келген жардамын аябайт. Мындай кайрымдуу инсандарыбыздын катары көбөйө берсин»,-деде Юсуфхан Ахматалиев.

Эскерте кетсек, Кара-Суунун борбордук базары менен Шарк айылын байланыштырган №103 кичи маршурттук каттамынын жол киренин акысы 10 сомду түзөт.