Эпидемияга каршы сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек

Дүйнө жүзүн «СoVid-19» же «коронавирус» деп аталган оорунун эпидемиясы каптады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун пандемиясын жарыялады. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин өкмөттөрү бул балекет менен күрөшүүгө аракет кылышып, превентивдик да жана профилактикалык да чаралар көрүлүүдө. Карантинге бүтүндөй шаарлар, ал эмес өлкөлөр да жабылууда. Дүйнөлүк экономика башынан оор күндөрдү өткөрүүдө. Эпидемиологдор вакцинаны иштеп чыгуунун үстүндө иштешүүдө. Биздин өкмөт дагы коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн превентивдик чараларды көрүүдө. Биз дагы өлкөнөн жарандары катары бул оору менен күрөшүүдө  ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керек. Бул жөнүндө Алла Тааланын жана Анын Элчисинин (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) насааттарын жана сунуштарын бере кетели:

  1. Ишенимибизди оңдоого тийишпиз. Ислам акыйдасы боюнча оорунун өзүнөн өзү таркалууга жөндөмү жок. Оорунун таркалуусу Алла Тааланын өкүмү менен болот. Куранда айтылган (мазмуну): “Эгер Алла сага кырсык жиберсе, андан Өзү гана куткара алат. А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал — бардыгына кудурети Жетүүчү” (Аньам сүрөсү, 17-аят).
  2. Дүрбөлөңгө түшпөй жана дүрбөлөңдү кылбоо керек. Мындай жагдайда эпидемиянын өзүнөн дагы, анын тегерегинде пайда болгон нерселер көбүрөөк зыян берүүсү мүмкүн. Ошондуктан, эпидемияга каршы сабырдуулукту жана чыдамдуулукту көрсөтүшүбүз керек.

Куранда: “Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге”— деп айтылган, (Анфал сүрөсү, 46-аят).

Хадисте: “Ыймандуунун иши таң калууга татыктуу. Акыйкатта, ага келген нерселердин бардыгында жакшылык бар. Жана бул ыймандууга гана берилген. Эгерде ага кубаныч жетсе, ал бул үчүн (Аллага)  шүгүр кылат жана мунусу үчүн да ага жакшылык бар. А эгерде ага кырсык жетсе, ал ага (чырайлуу) сабыр кылат жана мунусунда да ага жакшылык бар”- деп айтылат (Муслим).

  • Алла Таала бул дүйнөдө Өзүнүн кулдарын ар кандай нерселер менен сынайт: кээде оору, кээде чыгаша, кээде жакындарын алуу менен.

Куранда: “Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө”- деп айтылган (Бакара, 155-аят).

  • Коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча сактык чараларын көрүү. Адамдар топтолгон жерге баруудан кармануу. Бет капты жана башка коргонуу чараларын колдонуу.

-Айшадан риваят Алла Таала андан ыраазы болсун: Ал, Пайгамбарыбыздан (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) кара-тумо (чума) жөнүндө сураганымда. Пайгамбар (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) мага: “Ал азап. Алла Таала аны кимге кааласа жөнөтөт. Аны момундар үчүн мээрим кылды. Кайсы адам кара-тумо болгон жерде Алла Таала жазган нерсе гана болот деп сабыр кылып, сооп үмүт этип, үйүндө отурса ага шейиттикиндей сооп жазылат”-деп айткан.

-Бир хадисте Умарга (Алла андан ыраазы болсун) бир жамаатты Шамга жибергенден кийин ага ал жакта кара тумо (чума) оорусу жайылып жаткандыгы жөнүндө кабар келет. Муну уккан соң ал аларды артка кайтууга буйрук берет. Абу Зарр (Алла андан ыраазы болсун) ага келди да: “Биз эмне Алланын тагдырынан качабызбы?” –деп айтты, Умар (Алла Таала андан ыраазы болсун) ага: “Ооба, биз бир тагдырдан экинчи тагдырга качып жатабыз”- мындай деп жооп берди.  

  • Мечиттерди, медреселерди, намазканаларды жана башка турак үйлөрдү дезинфекциядан өткөрүү.

Пайгамбарыбыздын хадисинде: “Тазалык – ыймандын жарымы” — деп айтылган.

Куранда: “Алла аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан кезде жазалабайт”-деп айтылган (Анфал сүрөсү, 33-аят).

  • Дуба жана зикр кылуу. Алладан оорулардан сактоосун суроо. Алла Таалага тобокел кылып жана Анын мээримин жана жардамын суроо менен бирге эле, коронавирус оорусунан сактануунун чарасын көрүп жана мамлекетке бул оору менен күрөшүүдө ага жардам берүү.
  • Ушулар менен кошо маснун дубаларга маани берүү керек:

Оруган адамды көргөндө ушул дубаны окуу керек:

«الحمد لله الذي عافاني مما ابتلاك به و فضلني على كثير ممن خلق تفضيلا»

Күнүгө ушул дубаларды окуу керек:

«اللهم عافيني في بدني اللهم عافني في سمعي اللهم عافيني في بصري لا اله إلا أنت«

«بسم الله الذي لا يضر مع اسمه شيء في الأرض ولا في السماء وهو السميع العليم«

  • Бул оору Алладан келген сыноо ошон үчүн бул турасында шылдындаган жана маскаралаган ар кандай видеороликтерди тартпоо керек.
  • Ушундай кырдалга караштуу көп адамдар жумушсуз калды жана алар ошол маянасына эле жашашчу. Ушундай кырдаалда колунда жок адамдар жана пенсионерлер кыйынчылыка учурап калышты. Ошон үчүн мындай адамдарга мүмкүнчүккө жараша жардам берүү керек.

КМДБнын фатва бөлүмү