Медреседе кесиптик билим алган жаштар жумушсуз калышпайт

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы “Равза” медресесинде 30 бала эки айлык окуу курсун бүтүрүп, “ширетүүчү” кесибине ээ болгон сертификаттарды алышты.

Мындай кесипке үйрөткөн курстар “Медреседе окуган жаштарды кесиптик шыктарга окутуу” деген социалдык долбоордун алкагында ишке ашты. Аларга ширетүүчүлүк кесипти үйрөткөн мугалим Жолдошаалы Турдакуновдун айтымында ушул тапта бул кесипке суроо-талап аябай өсүп жатат.

“Ширетүүчү” курсун жаңы бүтүрүп чыкканына карабай бул балдар ушул Кыргызстанда эле айына 20-25 миң сомдон өйдө акча таба ала турган мүмкүнчүлүк бар деп ишенимдүү айта алам” – деп белгилейт. Ал эми курсту бүтүрүп сертификатка ээ болгондордун бири  Шамидин Бегматов Россиядагы тааныштарыма барып иштейм деп турат.

“Азыр ал жакта дагы курулуш сезону күчөп жатат. Ал жакта сертификаты бар ширетүүчү ушул тапта 80-100 миң рублга чейин айлык алат. Андай документи жок, жөн гана үйрөнчүк болсо 30-50 миң рубль болот экен. Биздин практикалык окуулардын өткөнүбүздү, жасаган иштерибизди интернеттен көргөндөн кийин тааныштардан келип иштегиле деген чакырык түштү” —  дейт Шамидин Бегматов.  

Кыргызстандагы медреседе окуган жаштарга акы албай кесип үйрөткн социалдык долбоорду ишке ашырууга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги демөөрчү болгон. 2015-жылдан берки аралыкта 10 млн сомдон ашык гранттык каражатын сарптап, 30 медресеге кесип үйрөтө турган керектүү жабдууларды алып берген. Азыр кыска мөөнөттүү курстардын алкагында “тикмечи”, “ашпозчу-кондитер”, “электрик-монтажник”, “ширетүүчү”, “бухгалтер”, “бал челекчи”, “компьютерде иштөөчү адис” сыяктуу тейлөө тармагында актуалдуу болгон сегиз кесип үйрөтүлүүдө.