Исламдагы жыл сүрүү

Хижрий-камарий айлары он экөө. Алар төмөнкү аталуулар менен айтылат:

1. Мухаррам;
2. Сафар;
3. Рабийъул аввал;
4. Рабийъус сааний (же Рабийъул аахир);
5. Жумадул аввал;
6. Жумадус сааний (же Жумадул аахир);
7. Ражаб;
8. Шаъбан;
9. Рамазан;
10. Шавваал;
11. Зул каъда;
12. Зул хижжа.

Динибизде Рамазан айы, ажылык сыяктуу ибадаттардын убактысын белгилөөдө хижрий-камарий таквимден (календарь) пайдаланылат. Бул календарь айдын асмандагы аракетине карап негизделет. Хилал (жаңы ай) көрүнсө, эртеңки күндүн күндүзү айдын биринчи күнү деп эсептелинет. Хижрий-камарий айлар 29 же 30 күн болот. Ошондуктан хижрий-камарийдин бир жылы 354 күн болуп, миладий жылдан 11 күн кем болот. Хижрий-камарий календарынын башы Мухаррам айынан башталат.

Хижрий-камарий календарынан пайдаланууга экинчи халифа-амийрул му’минийн Умар ибн Хаттаабтын (разияллооху анху) доорунда, тагыраак айтканда 16-хижрий жылдын Рабийъул аввал айында чечим кылынды жана келээрки 1-Мухаррам 17-хижрий жылынын башы деп жарыяланды. Хижрий-камарий жылдын башталуусуна Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) Меккеден Мединага хижрат кылган-көчкөн жылы негиз кылып алынды. Ал миладий 622-жылга туура келет. «Хижрий» деген сөз «хижратга (көчүүгө) тийиштүү», «камарий» болсо «айга тийиштүү» деген маанини билдирет.

Камарий календарынан Ислам келүүсүнөн мурда да араб уруулары пайдаланып келишкен. Бирок айлардын аталуусу түрдүүчө болгон. Мына ушул ар түрдүүлүк аларга олуттуу соода жана ибадат мезгили болгон ажылыктын убактысын белгилөөдө түйшүк жараткан. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) бешинчи бабасы Килаб ибн Мурра араб уруу жеткечилерин чогултуп жыйын өткөрөт да, ай аталууларын бирдей кылууга келишип алышат. Айлардын ысымдарын болсо төмөнкү реалдуулуктан келип чыгып жаңы атамалар менен аташат:

1. Мухаррам (сөздүктө «арам кылынган») — жаахилият (исламдан мурдагы динсиздик доор) доорунда жана Исламдын башында арабтар өз-ара согушууну арам кылышкан. Андай айлар төртөө болуп, Мухаррам алардын бири саналган. Андыктан мына ушинтип (согуш) «арам кылынган» ай деп аталды.

2. Сафар (сөздүктө «саргайып калуу») — араб уруулары казатка чыгып кетишкенде, артында калган журту саргайып (эркектер жоктугунан муңайып-аңгырап) калчу.

3. Рабийъул аввал (сөздүктө «алгачкы-оболку жаз») — бул айдын аталуусу жазга туш келгендиктен ушинтип аталып калган.

4. Рабийъус сааний (сөздүктө «экинчи жаз» же болбосо «жай») — мунун наамы Рабийъул аввалды ээрчитип коюлган.

5. Жумадул аввал (сөздүктө «алгачкы-оболку муздаш») — Бул айдын аталуусу күзгө туш келгендиктен ушундай аталып калган.

6. Жумадус сааний (сөздүктө «экинчи муздаш» же «кыш») — бул ай жогорудагы айды ээрчип ушундай аталган.

7. Ражаб (сөздүктө «жебени жаадан чыгаруу», «согушту токтотуу» маанисинде) — бул ай Мухаррам сыяктуу согуш арам кылынган төрт айдын бири.

8. Шаъбан (сөздүктө «эки тоону бөлүп туруучу жылга-өзөн», «таркалуу») — Бул ай Ражаб менен Рамазанды бөлүп турганы үчүн ушундай аталган. Же болбосо араб уруулары согуштан токтоп тарап кетишкендиктен да ушинтип аталган.

9. Рамазан (сөздүктө «катуу ысыган» же «күйдүрүп күл кылчу») — бул айдын мындай аталып калуусунун себеби жылдын эң ысык учуруна туш келгендиктен болгон.

10. Шавваал (сөздүктө «куйруктун көтөрүлүшү») — бул айдын аталуусу төөлөр арыктап, сүтү азайып, куйруктары түрүлүп-көтөрүлүп калган учурга дал келгендиктен ушундай аталып калган.

11. Зул каъда (сөздүктө «олтуруучу») — бул ай согуш арам кылынган айлардын биринчиси, адамдар согуштан токтоп өз үйүндө олтуруп калгандыктан ушинтип аталган.

12. Зул хижжа (сөздүктө «ажылыктын ээси») — байыртадан адамдар мына ушул айда ажылык кылып келишкен. Андыктан ушинтип аталып калган. Бул ай да согуш арам кылынган төрт айдын бири.

Хижрий-камарий жыл миладий жылдан 11 күн эрте келгендиги себептүү, айлар жылдын түрдүү мезгилдеринде айланып жүрөт. Андыктан айлар оболку аталуудагы маанилерине дал келбестиги табигый…

Булак: Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев