Жалал-Абад облусунда баш имам хатибтерге жыйын болду

Кечээ, 28-май күнү Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында район-шаарлардын баш имам хатибтерине жыйын болуп өттү. 

Жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Бактияр ажы Токтогазиев , БТКнын мүчөсү Нурлан ажы Анарбаев, облус казысы жана казыят кызматкерлери  катышты.

Жыйында район-шаарлардын баш имамдары бир катар сунуштарын, кызыктырган суроолорун Бактияр ажыга беришип, жоопторун алышты.

“Диний иш-чаралар баары кырдаалга жараша болгондугуна байланыштуу, диний жетекчилике моюн сунуп кызмат кылдыңыздар. Сиздерден Жараткан Өзү ыраазы болсун. Бул жерде айтылган сунуш-пикирлерди буйурса аманат катары жеткиребиз.  Ишиңиздерди ийгиликтер коштой берсин”,-деди Бактияр ажы.