КМДБ тарабынан Чүй облусундагы жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө 147 мүшөк ун келди


Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Чүй аймагындагы жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө таратып берүү үчүн, Чүй казыятына 147 мүшөк ун келип түштү.

Бул иш-чара Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевтин демилгеси менен ишке ашып, Чүй аймагындагы шарты начар үй-бүлөлөргө, имамдарга жана Чүй казыятына жардам сурап кайрылган жарандарга таратылмакчы.

«Кыйынчылык учурда бири-бирибизге жөлөк болуп, колдоо көрсөтпөсөк, кыйынчылыкты жеңип чыгуу оор болот. Ушул учурда кайрымдуулук кылып, жардам берип жаткандар көбөйүүдө. Демек, бул кыйынчылыкты да биз жеңип чыгабыз. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушевге, жалпы КМДБ кызматкерлерине көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз», — Чүй казыятынын кызматкерлери.

Белгилей кетсек, учурда ундун экинчи партиясы келди. Биринчи айлампада КМДБ тарабынан 100 мүшөк ун келип, облустагы муктаж имамдар, үй-бүлөлөр жана медресе мугалимдерине таратылган.