КМДБ тарабынан Жалал-Абад облусундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 190 мүшөк ун келди

Жалал-Абад облусуна  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 190 мүшөк ун келди. 

Жалал-Абад облустук казыяты бул кайрымдуулукту облус аймагындагы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө  таратылып, үйлөрүнө жеткирилип берилди. Дин кызматкерлери дагы четте калбастан муктаждарга тапшырылды.

«Жеке өзүмдүн атымдан жана жалпы Жалал-Абад элинин атынан Азирети Муфтийибизге жана Муфтият жамаатына ыраазычылык билдирем. Жараткан кайрымдуулуктарын  кабыл кылып, ажыр-соопторун эселеп берсин. Жетекчилигибиздин иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз— деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.