Муфтият тарабынан жөнөтүлгөн ун Нарындагы жардамга муктаждарга таратылып берилди

Нарын облустук казыятына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 45 мүшөк ун келди.

Аны Нарын облусунун казысынын орун басары Рахат ажы Дүйшөнбаев колу жука, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде бөлүштүрүп берди.

Алсак, Ат-Башы районуна 35 мүшөк ун жеткирилип берилсе, калган 10 мүшөк Нарын шаарында жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.