Түп райондук хатибияты 100 үй-бүлөлөгө азык-түлүк таратты

Түп районунун «Белек Ата» атындагы борбордук мечитинде, райондук  баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиевдин катышуусу менен аз камсыз болгон 100 үй-бүлөөгө тамак-аш түрүндө орозо айттык катары жардам көрсөтүлдү.  

Жалпы суммасы 163 500 сомду түзгөн азык-түлүк жергиликтүү жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды.

«Мындай иш-чара алдыда дагы пландаштырылууда. Бүгүн жардамга чындап муктаж бир туугандарга орозо айттык маанай тартуулап коюну туура көрдүк. Жылдык иш планда каралган кайрымдуулук иштерибиз майыптарга, көп балалуу жалгыз бой энелерге тапшырылып берилди» ,-деди Бакыт ажы Кайкиев.

Уюштуруучу топко, жардам көрсөтүлгөн жарандарыбыз ыраазычылыктарын айтып, иштерине ийгилик каалап, дуа кылышты .