Аламүдүн районунун бир канча айылдарында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун бир канча айылдарында кайрымдуулук иш-чаралар өткөрүлүп, колу жука үй-бүлөлөргө күнүмдүк азык-түлүк менен жардам көрсөтүлдү. Бул тууралу Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов маалымдады.

Анын айтымында, демөөрчүлөр тараптан кайрымдуулук иш-чарасына жалпы баасы 122 400 сом жумшалып, 82 үй-бүлөгө жардам берилди.
Төмөңкү Ала-Арча айылында 19 үй-бүлөгө 20 миң сомдон ашуун каражатты түзгөн азык-түлүк берилди. Ошондой эле Бербулак айылында 23 үй-бүлөгө азык-түлүк жана акчалай да жардам тапшырылды. Ал эми Салкын-Ордо айылында болсо 40 үй-бүлөгө жалпы баасы 52 миң сомду түзгөн жардам көрсөтүлдү.

«Бул кайрымдуулук иш-чаралар мечит имамдарынын демилгелери менен уюштурулуп, ага кайрымдуулук фонддор жана жергиликтүү ишкерлер демөөрчүлүк көрсөтүшкөн. Аллах Таала ар бирин кабыл кылып, кимдин кандай максат-тилектери болсо, бардыгын орундаткан болсун. Мындай иш-чаралар токтобостон улана бермекчи», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.