Муфтият Баткендеги дин кызматкерлерине жана муктаждарга 82 мүшөк ун жеткирди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдун демилгеси менен 82 мүшөк ун Баткен облусунун аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, медресе жана дин кызматкерлерине таратылды.

Кайрымдуулук жардамын Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов өз ээлерине жетирип, сөзүндө  жардамдын кандай гана түрү болбосун социалдык абалы оор үй-бүлөлөр үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, колунда бар инсандарды кайрымдуу болууга чакырды.

«Жараткан Аллах Таала элибизди ар кандай балээлерден, өзгөчө коронавирус илдетинен сактап, ооруларга шыпаа берип, кайгы кападан, кыжаалатчылыктан Жаратканыбыз сактасын. Ушундай кайрымдуу иштерди кылууга  колунда бар мекендештерибизди берешендикке, элге кайрымдуу болууга чакырат элем «,-деди облус казысы.