КМДБ тарабынан Ош облусундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 210 мүшөк ун келди

Ош облусу аймагына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 210 мүшөк ун келди. Кайрымдуулук жардамы облус аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылып, жеринде тапшырылды.

«Айт майрамына карата майрамдык маанай тартуулагандай эле болдук. Муктаждарыбыз кубанышып, Азирети Муфтийге жана КМДБ кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти. Жараткан Аллах кылган садака-эхсандарды кабыл кылып, ар кандай апааттардан өзү сактасын», — деди Облус казысы Самидин кары Атабаев.

Эскерте кетсек, мындан бир канча күн мурун Ош облусу аймагына Муфтият тарабынан 250 мүшөк үн келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылган.