КМДБ тарабынан Бишкек шаарындагы дин кызматкерлерге 160 кап ун таратылып берилди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Бишкек шаардык казыяты менен биргеликте диний кызматкерлерди колдоо максатында шаардагы жалпы имам хатибдерге, Борбордук мечиттин кызматкерлерине жана медресе мугалимдерине 160 кап ун таратты. 

«Эли жерибизге, динибизге кызмат кылып жаткандардан Аллах Таалам ыраазы болсун! Дин башкармалык ар дайым өз курамындагы кызматкерлерди колдоого алат жана мындан ары да болгон куч кубат менен кызмат кыла беруусун Аллахтан сурайбыз»,-деди Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов.