Ош шаарындагы дин кызматкерлерине 46 мүшөк ун таратылды

24-май күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына КМДБ тарабынан дин кызматкерлерине жардам катары 46 мүшөк ун келди.

Ал дин кызматкерлерине жеринде таратылып берилди.

«Азыркы учурдагы оор абалда имамдарга жана казыят кызматкерлерине келген жардамдарды уюштургандыгы үчүн КМДБ кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем», — деди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.