Сарай жана Шарк айылдык аймактарындагы 152 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай жана Шарк айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен  «Орозо айт» майрамынын урматына аз камсыз болгон 152 үй-бүлөгө 125000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.

Сарай айылдык аймагында 52 үй-бүлөгө  52000 сомдук акчалай жардамы көрсөтүлсө, Шарк айылдык аймагында 100 үй-бүлөгө 73000 сомдук азык-түлүк жардамы таратылды.

Азык-түлүктөрдөн ун, май, макарон, кум шекер жана эт сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

«Бул имамдар буга чейин да кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, демилгелерди көтөрүп келишкен. Учурда биздин имамдар жакшылыкта жарышып жаткан кези. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Жакшылыкка себепкер болуу, аны аткарган сыяктуу» деп айткан. Жараткан Аллах бүтүндөй жакшылыкка себепкер болгондордон ыраазы болсун», -деди Абдирашит ажы Батыров.