Товарды сактоо жана анын баасын көтөрүү

Улуу Алла Таалаар бир адамга үй-бүлөсүн багуу үчүн соода жасоого уруксат берген. Албетте, соода жүргүзүүдө адамдар бири-бирине жакшылык кылуу менен бирге, бирөөсү акча тапса, экинчиси өзүнө керектүү нерсеге ээ болот. Бирок мындай көрүнүш эки тарапка, ак, адал иштеп соода кылган адамга жана керектүү буюмун сатып алып, аны өз жашоосуна пайдаланган сатып алуучуга тиешелүү. Сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы мамиленин адепке ылайык болушу Алла Таалага да жаккан көрүнүш болуп саналат.
Улуу Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُم بَيْنَكُم بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَن تَكُونَ تِجَارَةً عَن تَرَاضٍ مِّنكُمْ (سورة النساء، الآية ٢٩)

О ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткордук ж.б.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге мээримдүү (Ниса сүрөсү, 29-аят)

Бирок, тилекке каршы баардык эле соода иши так болбойт. Эгерде пайда үчүн соодагер калыс эмес, анан да бааны ашыкча көтөрүп, мыйзам чегинен сырткары соода жүргүзсө, анда ал Алла Таала алдында күнөө кылган болуп саналат. Хадисте минтип айтылат:

عن عمر بن الخطاب قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «الجالب مرزوق والمحتكر ملعون» (رواه ابن ماجه ج: ٢ ص:٧٢٨ دار الإحياء).
Умар бин аль-Хаттаб (Алла андан ыраазы болсун) айтат: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Өз баасында сатканга сыйлык, ал эми кармап турганга — каргыш» деп айтты.

Түшүндүрмө: Өз баасында саткан- бул адамдарды керектүү буюмдар, азык-түлүктөр менен камсыз кылып турган адам. Ал эми кармап турган «мухтакир». Мухтакир – бул өз кызыкчылыгын ойлогон, товарларды жыйып алып, алардын баасынын көтөрүлүшүн күтүп, ашыкча баага сатууну көздөгөн соодагер. Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) мында соодага тыюу салган. Жана бул нерсе мусулмандарга зыян алып келээрин белгилеген. Башка бир хадисте минтип айтылат:

عن معمر بن عبد الله بن نضلة قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «لا يحتكر إلا خاطئ» (رواه ابن ماجه ج: ٢ ص:٧٢٨ دار الإحياء).
«М‘амар бин Абдулла бин Надля айтат: Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Күнөөлүү адам гана товарды кармап турат» деген».

Дагы бир хадисте мындайча айтылат:

Умар бин аль-Хаттаб (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Кимдир бирөө азык-түлүктү мусулмандарга сатууда кармап тура турган болсо (баанын көтөрүлүүсүн күтүп), анда Аллах аны ала (пес) оорусу менен оорутуп, кыйроого учуратат» деп эскертет.

Дагы бир хадисте мындайча айтылат:

Ибн Умар (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Кимдир бирөө азыктарды 40 күн кармап турса, анда ал адам Алла Тааладан алыс, Алла Таала ал адамдан алыс» деген». Дагы кошумчалап минтип айткан: «Кармалып турган азыктар кийин садака иретинде берилсе, же өз баасын сактап калуу үчүн сатылса да күнөөнү жеңилдете албайт».

عن فروخ مولى عثمان رضي الله عنه: «أن عمر رضي الله عنه، وهو يومئذ أمير المؤمنين، خرج إلى المسجد، فرأى طعاما منثورا، فقال: ما هذا الطعام؟ فقالوا: طعام جلب إلينا. قال: بارك الله فيه وفيمن جلبه. قيل: يا أمير المؤمنين، فإنه قد احتكر. قال: ومن احتكره؟ قالوا: فروخ مولى عثمان وفلان مولى عمر. غأرسل إليهما، فدعاهما، فقال: ما حملكما على احتكار طعام المسلمين؟ قالا: يا أمير المؤمنين! نشتري بأمولنا ونبيع. فقال عمر: سمعت رسول الله صلى الله عايه وسلم يقول: «من احتكر على المسلمين طعامهم ضربه الله بالإفلاس أوالجذام. فقال: فروخ عند ذلك: يا أمير المؤمنين! أعاهد الله وأعاهدك أن لا أعود في طعام أبدا. وأما مولى عمر، فقال: إنما نشتري بأموالنا ونبيع. قال: أبو يحيى: فلقد رأيت مولى عمر مجذوما». (مسند أحمد ١: ٢٨٣)
Фаррух минтип риваят кылат: «Бир жолу Умар (Алла андан ыраазы болсун) мечиттен чыгып, базардан жайылган товарларды көрүп, сатуучудан: «Бул кандай азык?» деп сурады. Ошол жерде тургандар: «Буларды биз үчүн алып келишти» деп жооп беришти. Умар (Алла андан ыраазы болсун) аларга: «Алла Таала бул азыктарды алып келген адамга жана ушул азыктарга береке берсин» деди. Умарга (Алла андан ыраазы болсун): «Бирок бул азыктарды сатып алып жатышат жана көпкө чейин кармашат» дешти. Муну уккан Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Ким кармап жатат?» деп сурады. Адамдар: «Усмандын эркиндикке чыгарган адамы Фаррух менен Умардын кайсы бир эркиндикке чыгарган адамы» дешти. Умар (Алла андан ыраазы болсун) аларды алып келүүгө адамдарды жиберди. Алар эки соодагерди алып келишти. Умар (Алла андан ыраазы болсун) алардан: «Бул азыктарды мусулмандарга сатпай кармап турууга эмне себеп болду силерге?» деп сурады. Алар: «О мусулмандардын башкаруучусу, муну биз өзүбүз каражат кетирип сатып алганбыз жана сатабыз» дешти. Умар (Алла андан ыраазы болсун) каарданып: «Мен Пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) «Кимдир бирөө азык-түлүктү мусулмандарга сатууда кармап тура турган болсо (баанын көтөрүлүүсүн күтүп), анда Аллах аны ала (пес) оорусу менен оорутуп, кыйроого учуратат» деп айтканын уккамын» деди. Бул сөздү уккан Фаррух: «О мусулмандардын башкаруучусу, мен Аллага жана сизге ант берем, мындан кийин мындай ишти жасоодон баш тарттым» деди. Абу Яхья «Чынында мен алып сатармандарды кыйналган абалда көрдүм» дегенсөзү менен алардын Алланын азабына калганын билдирген.

ونقل الرهوني عن الباجي أن ابن رشد قال: «إذا وقعت الشدة، أمر أهل الطعام بإخراجه مطلقا، ولو كان جالبا أوكان من زراعته». (مأخوذ من فقه البيوع ج: ٢ ص: ٩٩٨)
Ибн Рушд айткан: Качан азыктар жетишпей калган учурда, сатуучуларды алардын өздөрү чыгарган жана сатып алып келгенине карабай мажбурлап сатуусуна руксат берилет.

Азыктарды кармап тургандарга жана алып сатарларга бул түздөн-түз тиешелүү. Так мына ушундай пикирди Абу Юсуфа имамдан Алляма Касани билдирген. Ханафит мазхабынын аалымдары эгерде сатуучу мындай учурда азыктарын сатуудан баш тартса, анда бийлик мыйзам чегинде бул нерсени аткарууга мажбур кылат.

Чынында, Улуу Алла Таала жана Анын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) бизди башкалар үчүн мээримдүү, кайрымдуу болууга чакырган.

Адамдардын кыйналып жаткан учурунан пайдаланып,өз чөнтөктөрүн ойлонуп азыктардын жана медициналык каражаттарды баасын жогорулатуу үчүн жасалып жаткан адамдардын мындай таза эмес иштерди жасоосуна Ыйык Куран, сүннөт жана мусулман аалымдары тарабынан тыюу салынган. Мындай иштерди жасаган адамдарга алардын кылган иштеринин натыйжасы байлыгына жана ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин айтып, түшүндүрүү иштерин жасоо керек. Жана аларга Улуу Жараткан Алла Таалабул күнөөлөрү үчүн Кыямат күнү оор азап беришин айтуу зарыл. Албетте, кыйынчылыкка тушуккан учурда адамдарга өтө зарыл болгон азыктардын, каражаттардын баасын жогору кылуу аябай чоң күнөө болуп саналат. Ошондуктан, биз мусулман бир туугандарды ушундай кыйынчылыкта, оор убактарда бири-бирине кайрымдуу болууга, жардам берүүгө чакырабыз! Ушундай учурда башкаларга жардам берүү жана бири-бири менен ынтымакта болуу ар бирибиздин өз кызыкчылыгыбыздан жогору болушу керек!

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил ажы Татиков