Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте маркум Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүнө 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн, 16-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек  ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте маркум Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүн зыярат кылып, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Аалымдар пайгамбардын мураскору. Биз үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы болду. Сабыр кылыңыздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Алла Таалам насип этсе  Садридин ажынун уулу атасындай мыкты ааламдардан болот деп үмүт кылабыз»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бул илдеттин мамлекетибизден кетүүсүн Жараткан Алла Тааладан тилеп, учурда өлкө боюнча курмандыктар чалынып, түлөөлөр өтүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле эл арасынан мыкты улан-кыздар чыгып, эл камын көрүп, керектүү жабдыктар, дары-дармектер менен жардам берип жаткандыгы Алла Тааланын алдында өтө соопту амал экендигин баса белгиледи.