Канаат кылуу

Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага (с.а.в) Аллахтын саламы жана рахматы болсун.

Канаат кылуу – ыраазы болуу деген мааниде. Башкача айтканда, Аллах Таала тарабынан берилген кичинекей нерсеге ыраазы болуу дегенди  түшүндүрөт.  «Барга канаат, жокко сабыр кылуу”,- деп бекеринен айтылынган эмес. Анткени имам Суюти (р.х): “Канаат кылуу — сенин муктаждыгыңа жетпеген аз нерсеге ыраазы болуу” – деп айткан.

عن ابي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه و سلم. قال ليس الغنى عن كثرة العرض و لكن الغنى غنى النفس   متفق عليه  

         Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Чыныгы байлык мал-мүлктүн көптүгүндө эмес, көңүлдүн токтугунда”- деп айткан. (Бухари, Муслим риваяты)

         Эгер адам канаат кылууну билбесе, ага берилген мал-мүлк жетишсиз болуп сезиле берет. Качан канаат кылганды үйрөнсө, аз болгон нерсе да ага жетиштүүдөй сезилет. Мына ошондо жогорудагы хадисте айтылынган чыныгы бай адам болот.

قال الله تعالى في الحديث القدس. من لم يرض بقضاءي و لم يصبر على بلاءي و لم يشكر في نعماءي فليرتحل من تحتي سماءي و ليتخذ ربا سواءي

         Аллах Таала хадиси кудсиде: “Ким менин жазган тагдырыма ыраазы болбосо, мен берген сыноого сабыр кылбаса жана мен берген жакшылыктарга шүгүр кылбаса, анда менин асманымдын астынан кетсин жана өзүнө башка Кудай таап алсын” – деп айткан.

         Ойлоп көрөлү. Эгер биз жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга баш ийбесек, анда Алланын жеринен башка кайсыл жерге кетебиз жана кимди Кудай деп билебиз. Ошондуктан ыраазы болууну, сабыр кылууну жана канаат кылууну үйрөнүүбүз керек.

عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما ان رسول الله صلى الله عليه و سلم قال. قد افلح من اسلم و رزق كفافا و قنع الله بما اتاه. رواه مسلم.

Абдулла ибн Умар (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Кимде-ким Ислам динин кабыл алса, ырыскысы жетиштүү болсо жана Аллах берген жакшылыктарга канаат кылса ал ийгиликке жетти” – деп айткан.

Ийгиликке жетүү үчүн эң алгач мусулман болуп, Аллах берген мал-мүлккө жана ден соолукка канаат кылуу керек. Бардык нерсени Аллахтан суроо керек. Бүгүнкү күндө ден соолугу жакшы, белинде күчү бар болуп, Аллах берген жакшылыктардын кадырын билбестен, үй-бүлө багуу үчүн адал жол менен ырыскы таппастан, жеңил жолду издеп, элдерден тиленип, тилемчиликти кесип кылып алгандар да жок эмес.

عن ابي هريرة رضي الله عنه قال. قال رسول الله صلى الله عليه و سلم. من سال الناس تكثرا فانما يسال جمرا  فليستقل او ليستكثر. رواه مسلم.

Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Ким тилемчилик жолу менен акча тапса, ал адам өзү үчүн тозок отун тиленип жатат. Ошондуктан тозок отун азайтсын же көбөйтсүн”- деп айткан.

Аллах Таала баарбызды шүгүр кылуучу жана канаат кылуучу пенделеринен кылсын.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев