Шариятыбызда чегирткенин өкүмү кандай?

Ааламдарды жараткан мээримдүү, ырайымдуу, Аллах Таалага мактоолор жана шүгүрлөр болсун. Карангылыктан жарыктыка себеп болгон, пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алайхи васалламга)  Алланын мээрими жана саламы болсун. Бул  макала жазылгандыгынын себеби, азыркы учурда негизсиз эле бул нерсе арам же адал деген сөздөр көп айтылып жатат. Ошондуктан бардык нерсенин маселеси шариятыбыздын негизинде чечилүүсү маанилүү. Алардын бир чегиртке. Ал эми араб тилинде чегиртке “жароод” деп айтылат. Куттуу хадисте  Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи васаллам) айткан:

عن ابن عمر قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم أحلت لنا ميتتان و دمان فاما الميتتان فالحوت و الجراد و الما الدمان فالكبد و الطحال (مسند أحمد رسالة 10\16)

Котормосу: Ибн Умар (разияллаху анхума)дан риваят: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) айтты: “Бизге эки өлүмтүк жана эки кандын адалдыгы уруксат берилди. Эки өлүмтүк — балык жана чегиртке, ал эми эки кан боор жана көк боор”.(Муснад Ахмад10/16)

عن ابي يعفور قال سمعت ابن ابى اوفى رضى الله عنهما قال غزونا مع النبي صلى الله عليه وسلم سبع غزوات او ستا كنا نأكل معه الجراد (صحيح البخاري5495/ مسلم1952 )

Котормосу: Абдулло ибн Аби Авфа (разияллоху анхума)дан  риваят: Биз пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) менен жети же алты жолу казатта бирге болдук. Биз пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) менен чегиртке жейт элек”.( Бухари. Х 5495/ Муслим 1952)

Бул эки хадисте тең шариятыбызда чегиртке адал экендиги маалым болду. Ошондуктан чегиртке адал жаныбарлардын катарына кирет. Ал эми шариятыбызда  адал жаныбарлардын баары мууздоо  менен гана адал болоору белгилүү. Бирок  балык менен чегиртке мууздалуучу жаныбарлар сыяктуу эмес. Себеби балык менен чегирткени мууздоонун зарылчылыгы жок. Тагыраак айтканда, балык менен чегиртке кандай бир себептер менен мууздалуусуз эле өлүп калса, адал болуп саналат.

Ошондой эле сахабалардан дагы чегирткенин  адалдыгы жана жегендиги тууралуу сөздөр айтылган.

 عن جابر ابن ذيد قال: قال عمر الحيتان ذكي كلها و الجراد ذكي كلها (مصنف ابي شيبة 20099)

Котормосу: Умар (разияллох анху) айтты: “Балык жана чегирткени мууздоо зарыл эмес”.(Мусаннаф Аби шайба. Х 20099)

عن جندب رجل منهم سأل ابن عباس عن اكل الجراد ؟ فقال لا بأس به (مصنف ابي شيبة 24931)

Котормосу: Бир киши Ибну Аббас (разияллоху анхума)дан чегиртке тууралуу сурады. Ибн Аббас (разияллоху анхума) аны жесе эч нерсе эмес деп жооп берди.( Мусаннаф аби шайба Х 24931)

عن داود ابن هند قال سألت سعيد ابن المسيب عن الجراد ؟ فقال اكله عمر و المقداد ابن الاسود و صهيب و عبد الله ابن عمر قال: وقال عمر: وددت ان عندي قفعة او قفعتين )مصنف ابي شيبة  24935   (

Котормосу: Дауд ибн  Хинд (рахматулло алайхи) айтат: “Мен  Саьид ибн Мусаййабтан чегиртке тууралуу сурадым эле, мага айтты: Умар, Микдад ибн Асвад, Сухайб, Абудллох ибн Умар (разияллоху анхумдар)  баары аны жеген. Ал эмес,  Умар (разияллоху анху)  алдымда бир же эки чегиртке болгондо деп каалаар эле.( Мусаннаф аби шайба Х24935)

          Албетте, шариятыбыздан көп маалыматы жок болгондугуна байланыштуу  арабызда чегирткени адал эмес деп айткан адамдар дагы  жок эмес. Чегирткелердин бардык түрү  адал болуп эсептелет. Аларды шариятыбыз  эч бир бөлүк же түргө  бөлгөн эмес. Анткени хадис жана фикх китептеринде чегиртке адал жандыктардын катарында жазылган. Ошондуктан динибизде адал деп айтылгандан кийин ага  каршы өзүбүздүн божомол менен же   башка жер жандыктарына салыштыруу менен  адал эмес деп айтуу туура эмес. Ошол себептен фикх аалымдарыбыз жер жандыктарыдан өзгөчөлөп бөлүп  чегиртке адал деп жазышкан.

(يحرم الضب و القنفذ والسلحفاة و الزنبور و الحشرات كلها ) لانها من الخبائث. …..(الا الجراد فانه مستثنى من الحشرات ) لقوله عليه السلام احلت لنا ميتتان و دمان اما الميتتان فالسمك و الجراد و اما الدمان فالكبد و الطحال ( منحة السلوك شرح تحفة الملوك 386 )

         Котормосу: “Кескелдирик (кескелдириктин бир түрү), кирпичечен, ташбака, аары, курт-кумурскалардын баары арам болуп эсептелет, чегирткеден башкасы. Себеби пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) айткан, эки өлүмтүк жана эки канга уруксат берилди. Эки өлүмтүк балык жана чегиртке ал эми эки кан боор жана көк боор.( Минхату сслуук шарху тухфатул мулуук 386)

 Ошондой эле, чегирткелер эгин талааларга же чөптөргө түшсө, бул чегирткелер Аллах Таала жөнөткөн бизге  азабы, ошондуктан булар арам” деп эсептөө дагы туура эмес. Себеби, пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) чегирткелердин мындай зыяндуу жактарын билип  дагы арам деп айткан жок, тескерисинче адал деп айтты. Ошондуктан, бардык аалымдар дагы чегирткени адал деп жазган. Ошондой эле кээ бир адамдардын каада-салтында же жашоосунда  чегирткенин  адалдыгы тууралуу  шариятыбыздан кабары жок болсо анда анын табиятынан же жийиркенгендигиден арам деп айтуусу дагы туура эмес. Анткени, кээ бир адамдар бар, коёнду жегенге табияты барбайт, бирок шариатыбызда  адал, ошол сымал эле, чегиртке дагы шариятыбызда адал. Бирок аны башка адамдарга арам деп айтуусу  чоң күнөө болуп саналат. Андыктан, бардык жан-жаныбарлардын адал жана арам экендиги шариятыбызда көрсөтүлгөн. Ошондуктан, өзүбүздүн табиятыбызга жараша жаныбарларды бул адал же арам деп айталбайбыз. 

أجمعت الامة على حل الجراد وقد ورد في الحديث القائل أحلت لنا ميتتان و دمان فأما الميتتان فالجراد والحوت و اما الدمان فالطحال و الكبد (الموسوعة الفقهية 17/279)

Котормосу: “Үммөт аалымдары чегирткенин адалдыгына ижма кылган. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) айткан:  Бизге эки өлүмтүк жана эки канга уруксат берилди. Эки өлүмтүк балык жана чегиртке ал эми эки кан боор жана көк боор. ”. ( Ал мавсуьа тул фикхия17/279)

قال ابن حجر وقد اجمع العلماء على جواز اكله بغير تزكية (فتح الباري 9/621)

Котормосу: Ибн Хажар (рахматлулло алайхи) айтты: “Аалымдар чегирткени мууздоосуз эле адалдыгына ижма (Аалымдардын бир пикирге келүүсү) кылган.(Фатхул баари 9/621)

قال ابن قدامة يباح اكل الجراد باجماع اهل العلم (المغنى 9/395)

Котормосу: Ибн Кудама (рахматлулло алайхи) айтты: “Чегиртке аалымдардын ижмасы (Аалымдардын бир пикирге келүүсү) менен мубах болуп айтылган”( Ал мугна 9/395)

في حياة الحيوان للدميري أجمع المسلمون على اباحة أكله (مرقاة المفاتيح شرح مشكوة المصابيح 8/58)

Котормосу:  “Аалымдар чегирткенин адалдыгына ижма (Аалымдардын бир пикирге келүүсү)  кылган”.( Миркат ул Мафатих шарх мишкат ил мафатих 8/58).

و اما الذي يعيش في البر فانواع ثلاثة :ما ليس له دم أصلا وما ليس له دم سائل وما له دم سائل فما لا دم له مثل الجراد و الزنبور و الذباب و العنكبوت و الخنفساء و العقرب…. لا يحل اكله الا الجراد خاصة (فتاوى الهندية  357)

Котормосу: Кургактыкта жашоочу жаныбарлар үч түрлүү болот.

Негизи каны жок жаныбар.

Каны бар, бирок каны агуучу эмес жаныбар.

Каны агуучу жаныбар.

Каны жок жаныбарлар М:Чегиртке, аары, чымын, жөргөмүч, коңуз, чаян, ж.б.у.с жаныбарлар адал эмес, чегирткеден башкасы.(Фатава ал хиндия 357)

(و حل الجراد) و ان مات حتف أنفه بخلاف السمك و (انواع السمك بلا ذكاة) لحديث أحلت لنا ميتتان السمك والجراد و دمان الكبد و الطحال (رد المحتار 6/307)

Котормосу: Чегиртке, ….. балыктын бардык түрлөрү мууздоосуз эле адал,себеби Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи васаллам) айткан: Бизге эки өлүмтүк жана эки канга уруксат берилди. Эки өлүмтүк балык жана чегиртке ал эми эки кан боор жана көк боор. (Роду ул мухтар 6/307).

Бул макаланын жыйынтыгында бизге чегиртке (мутлак) жалпы эле адал экендиги маалым болду. Бирок  Ибн Араби (рахматуллохи алайхи) Тирмизинин шархында (түшүндүрмөсүндө) чегирткени эки түргө бөлүп, Андалус (Испания) чегирткелери желбейт деп жазган, бирок бардык чегирткени арам өкүмүнө чыгарган эмес. Анткени хадистерде жалпы эле чегиртке адал деп айтылган. Бирок эске ала турган (кайыда ) эреже бар. Кайсы азык-түлүктө тажрыйба аркылуу ден-соолука зыян келтирүүчү жагы болсо, анда алардан сактанабыз. 

Даярдаган:

КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Имарали уулу Махамадали