![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/10/IMG_20201019_143332_1.jpg)
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпысынан 72 мечит болсо, анын ичинен 2 мечит мамлекеттик каттоодон өтө элек. Бул тууралуу баш имам хатиб Шумкарбек ажы Чыналиев билдирди.
Анын айтымында, түрдүү себептерден улам каттоодон өтө элек 2 мечиттин документ иштерин иретке келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
“Мечиттерди каттоо иштерин тездетүүдө мамлекеттик органдар менен тынымсыз жолугушууларды уюштуруп, документ иштерин аягына чыгып калдык. Кудай буюрса 2 мечитибизди мамлекеттик каттоодон өткөрүп алсак, райондогу бардык мечиттер толугу менен каттоодон өткөн болот”,- деди баш имам хатиб.