Роби-ул-аввал айынын Исламдагы орду

         Алла Таала он эки ай жаратып алардын кээ бирин, кээ биринен артыгыраак жана берекелүү кылган. Аллах Таала Куранда айтат:

إِنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِندَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَات وَالأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ فَلاَ تَظْلِمُواْ فِيهِنَّ أَنفُسَكُم…

  Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын Өзүнүн Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү- ыйык айлар. Мына ушул (Ислам) -бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла…” ( Тавба 36).

          Бул аяттан Ислам жыл санагында, он эки ай бар экендиги маалым болду. Ал эми роби-ул-аввал айы ислам жылынын үчүнчү айы болуп саналат. Бул айдын пазилети жана артыкчылыгы башка айлардан күндөй ачык-айкын. Бул айда Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалоху алайхи васаллам) жарык дүйнөгө келген, Мадина шаарына көчкөн, Хадижа энебизге үйлөнгөн, эң негизгиси бул берекелүү  айда Аллах Таала бардык жараткандарына Мухаммад (саллаллоху алайхи васаллам) эң чоң нээмат катары жөнөткөн. Аллах Таала айтат:

 ومآأرسلناك الا رحمة للعالمين  (ألأنبياء107)

 “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” (Анбиа 107).

         Мына ошондуктан Пайгамбарыбыздын (саллалоху алайхи васаллам) ааламга келүүсү биз үчүн береке. Мандайына мусулман болуу бактысы жазылган ар бир пенде Пайгамбарыбыздын (саллалоху алайхи васаллам) берекелүү жашоосунан өрнөк алаары шексиз. Бизге Пайгамбарыбыз (саллалоху алайхи васаллам) менен бирге болуу  змандаш болуу тагдыры жазылбады, бирок Пайгамбардын эң сүйүктүү үммөтү жана ага бир тууган болуу бактысын насип кылды. Ошону менен бирге  Пайгамбарыбыз (саллалоху алайхи васаллам) үммөтүнүн бактылуу болуусу үчүн бир катар амалдарды да айтып кетти. Анткени Пайгамбарыбыз (саллалоху алайхи васаллам) айткан:

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم اني  قد خلفت  فيكم اثنتين او اثنين لن تضلوا بعدهما كتاب الله و سنتى (المسالك في شرح موطأ ألجذء 7)

“Мен силерге эки нерсени калтырдым, эгер бул экөөнү кармансаңар эч качан адашпайсыңар, булар Куран жана сүннөт”.( Ал масалик шарх муватто 7 — том)

     Ошол себептен ар бир мусулман Пайгамбарыбыздын ((саллалоху алайхи васаллам))  ар бир ишиде  эрчүүсү жана буйруган ишин аткарып, тыйган иштен тыйылуусу милдеттүү. Куранда Аллах Таала Пайгамбарыбыз (саллалоху алайхи васаллам)га  айтат:

قُلْ إِن كُنتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ( آل عمران 31)   

(О, Мухаммад) сен айткын: Эгерде силер Алланы жакшы көргөнүңөр чын болсо, анда мени ээрчигиле. Мына ошондо Аллах силердин күнөөңөрдү кечирет. Аллах — Кечиримдүү, Боорукер.(Аали Имрон 31-аят))

      Дагы бир аятта Аллах Таала Пайгамбарыбыз ((саллалоху алайхи васаллам) тууралуу айтат:

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ” (الحشر، الآية( 7

 “Пайгамбар силерди эмнеге буйруса, дароо аткаргыла, эмнеден тыйса ошол замат тыйылгыла. Алладан корккула, чынында Алланын азабы катуу!” (Хашр 7-аят)

         Ошондуктан мусулмандар ар бирибиз Пайгамбарыбыздын (саллалоху алайхи васаллам)  сүннөт жашоосу менен жашап, аны мал-жаныбыздан дагы артык сүйүүбүз керек. Пайгамбарыбыздын ((саллалоху алайхи васаллам)) атасынын бир тууганы Абу Лахаб аттуу капыр ислам тарыхында таанымал. Ал Пайгамбарыбыздын (саллалоху алайхи васаллам) чоң атасы болгон.

قال عروة, ثويبة مولاة لابى لهب أعتقها فأرضعت النبي صلى الله عليه وسلم فلما مات ابو لهب أريه بعض اهله بشر حيبة قال له ماذا لقيت؟ قال ابو لهب لم ألق بعدكم غير أني سقيت في هذه بعتاقتي ثويبة (صحيح البخاري ح 4829)

Урва (рохимахуллох алайхи) айтат: Абу Лахабдын Сувайба аттуу күңү болгон. Жана ал Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам)ды да  эмизген. Абу Лахаб Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) жарык дүйнөгө келгендигини укканда, сүйүнгөдүгүдөн  өзүнүн Сувайба күңүнү азат кылган. Кийин Абу Лахаб каза болгондо, анын үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө аны түшүндө жаман абалда көрүп абалыңыз эмне болду деп сурады, Абу Лахаб  мен Мухаммад төрөлгөндүгүнөн сүйүнүп Сувайбаны азат кылгандыгымдан, бир аз суу ичкенден башка тынчтык таппай жатам деп жооп берди.(Бухари/ Х 4829).

       Бул окуядан сабак алсак, бир капыр Пайгамбарыбыздын жарык дүйнөгө келүүсүнө сүйүнүп күңүнү азат кылгандыктан азабы жеңилдеген. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) бардык пайгамбарлардын акыркы мөөрү экенин билебиз, албетте биз анын үммөтүнөн экендигибиз биз үчүн, Улуу Аллах Тааланын динин түшүнүп, эмне менен келгенин жана эмнени үйрөткөнүн билүү, биз үчүн чоң кубаныч. Ошондой эле бул айдын берекесинен, кээбир аалымдарыбыз Рамаз айы улук жана берекелүү ай, анткени бул айда Куран түшкөн, кадыр кечеси берилген, этикаф амалы берилген, жана бул учурлардагы жакшы амалдардын сообу эки эсе берилген деп айтса, ал эми кээбир аалымдар, роби- ул- аввал айы берекелүү ай, анткени Аллах Таала бул айда эң чоң нээмат берген деп айткан. Ошндуктан бул айда убакытты өткөрбөй жакшы амалдарды жана ибадаттарды  мүмкүн болушунча аткаралы.

Даярдаган: КМДБнын даават бөлүмүнүн адиси  Имарали уулу Махамадали