Шүгүр жана сабыр кылуу

Жалпы мусулмандардын ыйык китеби  Курани Карим жалпы адамзатка кайрылып,  кайра-кайра:

 اَفَلاَ يَشْكُرُونَ ٭ اَفَلاَ يَشْكُرُونَ ٭ وَسَنَجْزِى الشَّاكِرِينَ ٭

 لَئِنْ شَكَرْتُمْ َلاَزِيدَنَّكُمْ٭ ٭   بَلِ اللّهَ فَاعْبُدْ وَ كُنْ مِنَ الشَّاكِرِينَ


 «…Деги шүгүр кылышпайбы?» (Куран 36:35);

 «…Акыры шүгүр кылышпайбы?» (Куран 36:73);

 «…Ошентип шүгүр кылуучуларды амалдарына жараша сыйлайбыз.» (Куран 3:145); 

«…Эгер берген нээматтарыма шүгүр кылсаңар, албетте аларды дагы да арттырамын…» (Куран 14:7);

 «Жок! Аллахка гана сыйын жана шүгүр кылуучулардан бол!» (Куран 39:66) сыяктуу аяттары менен, Мээримдүү Жаратуучунун пенделеринен талап кылган эң маанилүү иш – бул шүгүр экенин көрсөтүп турат. Аллах Таала бардык пенделерине абдан маани берүү менен шүгүр кылууга чакырат.

Ал эми шүгүр кылбоо   Аллах Тааланын берип жаткан бардык жакшылыктарын жалганга,  жокко чыгарып жаткан сыяктуу көрсөтүп,

  فَبِاَىِّ آلاَءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ 

Эгеңердин кайсы нээматтарын жалган дей аласыңар?!» (Куран 55:13…) аятынын буйругу аркылуу, Рахман сүрөсүндө аябай каттуу жана коркунучтуу түрдө отуз бир жолу кайталоо менен коркутууда. Шүгүрсүздүктүн жалганга чыгаруу жана жокко чыгаруу болгондугун көрсөтүп жатат.

            Ооба, Курани Карим  шүгүр кылууну  жаратылуунун натыйжасы катары көрсөтүп жатканы сыяктуу.  Улуу Куран болгон бул аалам дагы ааламдын жаратылуусунун натыйжаларынын эң маанилүүсү – шүгүр экенин көрсөтүп жатат. Анткени, ааламга кунт коюп карай турган болсок, бул жаратылыш деген  дарактын  эң маанилүү мөмөсү – шүгүр болгондугун, ааламдын куралышы шүгүр кылууну  натыйжа бере турган сыяктуу  ар бир нерсе, аз да болсо шүгүргө караганы жана ага жүздөнгөнү көрүнөт.

Себеби, Аллах Таала ааламды жаратып, жаратылган нерселердин баарын бир айлана сыяктуу бири биринин ичине камтып койгон, ошол камтылуулардын ичинде борбордук чекит катары жашоону койгон. Бардык жаратылган нерселер жашоого көз каранды, жашоого кызмат кылышат жана жашоонун керектелүүчү нерселерин камсыздашат. Демек, ааламды жараткан Зат, б.а. Аллах Таала ааламдын ичинен жашоону өзгөчөлөп көрсөтүп жатат.

Андан соң бүткүл жандыктар ааламын бир айлана сыяктуу бири-биринин ичине камтып, инсанды борбордук чекитине койгон, кудум эле ал жандыктардан алына турган максаттар инсанда  чогулгансып, бардык жаныбарлар анын айланасына топтолуп, инсанга  кызматчы жана баш ийдирилип, инсанды аларга падыша кылып койгонун. Демек, Улуу Жаратуучу Аллах Таала  жаныбарлар ичинен инсанды тандап, бул ааламда ага эрк менен каалоо берген. Мындан өзгөчөлүк инсандан башка эч бир жандыкка берилген эмес.

Андан соң, адамзат ааламында, балким жаныбарлар ааламы да бир айлана сыяктуу куралып, анын борбордук чекитинде ырыскы коюлганын, бүткүл адамзатка атүгүл жаныбарларга да ырыскыны сүйдүрүп, алардын баарын ырыскыга кызматчы жана муктаж кылып койгон.  Аларга өкүм жүргүзүп башкарып  жаткан – ырыскы экенин, ырыскынын өзү да чексиз нээматтарды өзүнө камтыган абдан кенен жана чексиз бир казына болгондугун, атүгүл ырыскынын көптөгөн түрлөрүнөн жалгыз гана бир түрүнүн даамын татып көрүү үчүн, тилдеги даам сезүү органы деген аспап аркылуу, даам-тамактардын санынча руханий абдан кылдат өлчөөчү аппараттардын коюлганын көрө алабыз. Демек, аалам ичинде эң кереметтүү, эң таң калыштуу, эң таттуу, эң улуу жана эң көркөм акыйкат – ырыскы.

Мына, баардык нерсе кандайча ырыскынын айланасына топтолгон жана ага көз каранды болгону сыяктуу, ырыскынын келүүсү  да белгилүү бир эрежелерге негизделген. Себеби, ырыскы талап кылууда да өзгөчө эрк бир гана инсанга берилген. Башка жаратылган нерселер толук шүгүр кылуу жана топук кылуу менен ырыскысын Жараткандан сурашат. Бир гана инсан ырыскы табууда же шүгүр менен же ач көздүк менен аракет кылат.

Жыйынтыктап айтканда:

Шүгүрдүн өлчөмү – канаат, сарамжалдуулук жана ыраазылык.

Шүгүрсүздүктүн өлчөмү – ач көздүк, ысырап, урматсыздык жана арам-адал дебестен туш келгенди жей берүү.

Ооба, ач көздүк – шүгүрсүздүк болгону сыяктуу, куру калуу менен кор болуунун да себеби болуп эсептелет. Атүгүл жашообузда да көптөгөн мисалдар бар. Мисалы кичинекей  кумурска ач көздүктүн айынан буттардын астында тебеленип калууда. Анткени, канаат кылбастан жылына бир нече даана буудай жетип турса да, колунан келсе миңдеген буудайларды топтой берет. Ал эми бал аарысы болсо, канаат жана шүгүр  кылгандыктын баарынын үстүндө учуп жүрөт. Канаат кылгандыктан Аллахтын амири менен инсандарга бал сыяктуу шыпаа даамын  белек кылып, инсанга  жедирет.

Жаныбарларды биз адамзатка үлгү катары көрсөтүп, бизди шүгүр кылууга чакырат. Эгерде канаат жана шүгүр кылып, Аллах Тааланын берген жакшылык ырыскыларына ыраазы болсок, ырыскыбыз артып  Аллах Тааланын алдында даражабыз да көтөрүлөт. Ыраазы болуу менен ар бир берилген ырыскыны үнөмдүү пайдалануубуз керек болот.

Албетте, ар дайым тил менен шүгур айтуу эң жакшы иш. Бирок чыныгы шүгүрдү биз аракетибиз менен көрсөтүүбүз керек. Анткени тил менен “Альхамдулиллах” деп айтып, ысырапкечиликке жол берип, ач көздүгүбүздү тыя албасак, Пайгамбарыбыз (САВ)дын көрсөткөн шүгүрдөй болбой калат. Тескерисинче ач көздүк жана ысырапкерчиликтин айынан шүгүрсүздүк кылып калган болобуз. 

             Ооба, Аллах Тааланын  өзүнө гана таандык болгон жана эң улуу ысымы болгон Аллах ысымы. Андан  кийинки улуу ысымдарынын бири Раззак ысымы болуп эсептелет. Раззак ысымы да биз пенделеринен эң көп каалаган нерсеси шүгүр болуп эсептелет.

Шүгүр кылуунун көптөгөн  түрлөрү бар. Шүгүрдүн бардык түрлөрүн өз ичине камтыган амал – бул намаз.Намаз аркылуу пенде өз Жаратуучусуна толук шүгүр айткан болуп саналат. Себеби намаздын ар бир рекетинде окулуп жаткан “Фатиха” сүрөөсү да “Ааламдардын ээсине” мактоо айтып, шүгүр кылуу менен башталат.

Жада калса шүгүр ичинде таза ыйман менен ыкластуу “таухид” бар. Себеби, бир алма жеп «Алхамдулиллах» деген адам ошол шүгүрү аркылуу: «Бул алма түздөн-түз Аллахтын кудуретин эске түшүрүүчү жана ырайым казынасынын белеги» деп айтуу менен, ишенүүсү менен бардык нерсени мейли кичине болсун, мейли чоң болсун Анын кудурети менен болуп жаткандыгын жарыялайт. Жана ар бир нерседе Аллахтын ырайымы көрүнүп жатканын билет. Чыныгы ыйманды жана ыкластуу “таухидди” шүгүр менен баян кылат.

Наадан инсан Аллахтын белектерин таанып билбей, канчалык деңгээлде зыянга түшкөндүгүнүн көптөгөн жактарынан жалгыз гана бир жагын мындайча айталы:

Инсан таттуу бир ырыскыны жей турган болсо, эгер шүгүр кылса, жеген ырыскысы шүгүр аркылуу бир нур болот, Бейиштин түбөлүктүү бир мөмөсү болот. Берген ырахаты аркылуу Аллахтын ырайымы болгонун ойлоп улуу жана түбөлүктүү ырахат менен жыргалчылык берет.

Эгерде инсан ошол таттуу мөмөнү жегенден кийин ал мөмөнү Жараткан Аллахты эстебей, мөмөнүн таттулугу үчүн гана жакшы көрсө, анда ал даамдуу мөмө берген ырахатына караганда кайгысы көбүрөөк болот. Анткени инсандын жаратылышында түбөлүктүүлүктү каалоо деген сезими бар. Эгер Ырыскы берүүчү Раззак болгон Аллах Тааланын белеги экендигин билсе, Ал түбөлүктүү экендигин жана Ырыскы да эч качан түгөнбөгөндүгүн ойлоп шүгүр кылат. Ошондуктан адамзаттын жаратылышынын эң чоң мөмөсү- шүгүр болуп эсептелет.

Ооба, ырыскынын сүйүүгө ылайыктуу бир тарабы  бар. Ал да шүгүр аркылуу көрүнөт. Болбосо, наадандар менен адашкандардын ырыскыга ашык болуулары тек гана жаныбардык касиет болуп саналат. Калгандарын буга салыштырып, адашкандар менен наадандардын канчалык зыян тартып жатышканын көрсөк болот.

Жандыктардын  ичинен ырыскыга эң муктаж болгон – бул адамзат. Аллах Таала инсанды баардык ысымдарын чагылдырып көрсөтө ала турган бир күзгү, баардык ырайым казыналарын сакталган нерселерин тартып-өлчөп көрө турган, таанып-биле турган аспаптарга ээ болгон кереметтүү кудурети жана баардык ысымдарынын көрүнүштөрү менен жасаган өнөрлөрүнүн кылдаттыктарын өлчөй турган куралдары бар жердеги бир орун басары сыяктуу кылып жараткан. Ошон үчүн инсанга чексиз муктаждык берип, материалдык жана руханий ырыскылардын чексиз түрлөрүнө муктаж кылган.

Инсанды бул турпатына көрө эң улуу даража болгон “Ахсан-ы таквимге” чыгара турган себеби да шүгүр болуп саналат. Шүгүр болбосо. “Асфали саафилинге” түшөт, чоң бир зулумга дуушар болот.

Корутунду: Аллах Тааланын алдында адамды эң сүйүктүү кыла турган төрт нерсе бар. Ошонун эң биринчиси жана негизгиси Аллах Таалага шүгүр кылуу, андан кийин алсыздыгын Аллахка көрсөтүү, бир гана Аллах Таалага ибадат кылуу жана кандай гана муктаждык болсо Аллахтан суроо…

Аллах Таала баарыбызды шүгүр кылуучу пенделеринен кылган болсун.

اَللّٰهُمَّ اجْعَلْنَا مِنَ الشَّاكِرِينَ بِرَحْمَتِكَ يَا اَرْحَمَ الرَّاحِمِينَ
سُبْحَانَكَ لاَ عِلْمَ لَنَا اِلاَّ مَا عَلَّمْتَنَا اِنَّكَ اَنْتَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ
اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَ سَلِّمْ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ سَيِّدِ الشَّاكِرِينَ وَ الْحَامِدِينَ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ اَجْمَعِينَ آمِينَ وَ آخِرُ دَعْوَيهُمْ اَنِ الْحَمْدُ لِلّٰهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ