Кошунанын акысы

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.

«Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» дегендей, жакшы коңшу жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Коңшу жакшылыкта да, жамандыкта да жаныбызда болуп, кайгы-кубанчыбызды бөлүшөт. Жашообузду ырааттуу тартипке салган динибизде кошунанын акысы да өзүнчө маанилүү маселе болуп саналат. Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кошунага жакшы мамиле кылуу мусулмандыктын белгиси экенин белгилөө менен,[1] кошуналарга жаман мамиле кылгандарды айыптап, Алланын каргыш кыларын айткан.[2] Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) суроолорго жооп берип жатып, эгерде кимдир бирөө напил намаз окубай же напил орозо кармабай туруп, бирок коңшусунун тынчын албаса, анда анын бейишке кирерин, ал эми көп-көп намаз окуп, орозо кармап, садага таратып, бирок коңшусуна жамандык кылса тозокко түшөрүн[3] эскертүү менен кошуналарга жакшы мамиле кылуунун канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Куран-и Каримде да коңшуга жакшылык кылуу боюнча буйрук бар:

وَاعْبُدُوا اللّٰهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِه شَيْـٔاً وَبِالْوَالِدَيْنِ اِحْسَاناً وَبِذِي الْقُرْبٰى وَالْيَتَامٰى وَالْمَسَاكينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبٰى وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبيلِ وَمَا مَلَكَتْ اَيْمَانُكُمْ اِنَّ اللّٰهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالاً فَخُوراً

«Аллага сыйынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана кол алдыңдагыларга жакшылык кылгыла! Акыйкатта Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт».[4]

«Адам – биосоциалдык жаныбар». Ал өзү жалгыз жашай албайт. «Адам эли менен, каз-өрдөк көлү менен» деп бекер айтылбайт. Киши өзүнүн айланасындагылар менен жакшы мамиледе болууга тийиш. Жогорку аят-ы каримада Аллага шерик кошпоо буйругунан кийин эле ата-энеге, тууганга, жетимдерге жана кедейлерге жакшылык кылуу милдети жүктөлгөн. Ошолордун катарында коңшу да бар. Аалымдар аяттагы «жакын тууган коңшу» дегенде туугандык байланышы барлар, ал эми «тууган эмес кошуна» дегенде тууганчылыгы жоктор деп ачыктаса, кээ бирлери биринчисин мусулман, экинчисин мусулман эместер деп чечмелеген.[5]

 Кабарларда Жабраил алейхи салам пайгамбарыбызга кошунага жакшы мамиле кылууну өтө көп осуят кылгандыктан, пайгамбарыбыз коңшуну коңшуга мураскер кылат деп ойлоого чейин барганы айтылат.[6]  Кошуналарга урмат кылуу, сылык мамиле жасоо, катташуу менен бирге аларга дасторкон жайып, сыйлоо (икрам) да маанилүү маселе болуп саналат. Ошондой эле коңшу тартуулаган ар кандай икрам түрлөрүн жылуу кабыл алуу кажет. Муну пайгамбарыбыз өзү буюрган:

يا نساءَ المؤمنات لا تحقرنّ إحداكن لجارتها ولو كُراع شاةٍ مُحرقاً

«Эй, момун аялдар! Эгерде коңшуңар тарабынан койдун күйүк шыйрагы берилсе да жакшы кабыл алгыла».[7]

Кошунага икрам кылууну насаат кылган[8] пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Кошунасы ач жатса, ток жаткандар бизден эмес» деп билдирген.[9] Ошондой эле, «Алланын алдында коңшулардын эң мыктысы – коңшусуна эң жакшы мамиле жасаганы»,[10] –  деп айткан. Шариятта турак-жай же жер тилкесин сатууда коңшуга артыкчылык каралган.[11]

Адамзаттын мырзасы (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да өтө мыкты коңшу болгон. Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ээрчиген сахабалар да, аларды жолдогондор да кошунанын акысына өтө катуу көңүл бурган. Мисалы, улуу имам Абу Ханифанын коңшусуна жасаган айкөлдүгүн алалы. Имам Аъзам Абу Ханифанын аракеч коңшусу болор эле. Ал ар түнү тополоң салып, кошуналарынын тынчын алчу. Бир жолу кечинде анын үнү чыкпай калат. Ал адаттагысындай ичип, адамдардын тынчын алганы үчүн камалган болчу. Абу Ханифа таң атары менен казынын алдына барып, тигини камактан бошотуп алат. Ошол күндөн кийин тигил жигит шарапты таштап, улуу имамга шакирт болгон.[12]  

«Элибизде конуш тандабай, кошуна танда» деген улуу сөз бар. Кошуна тандоого да маани берүү керек. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Конуш алардан мурда кошуна, жолго чыгардан мурда жолдош изде», – деген.[13] Азыркы тапта кошуна менен жакшы мамиледе болуу, тилекке каршы, унутта калып баратат. Айрыкча, шаарларда кошуналык карым-катыш кризистик абалда. Ири шаарларда көп кабаттуу үйдө тургандар коңшунун акысын билбейт, жылуу мамиле күтпөйт, керек болсо бирин-бири тааныбайт. Бул өкүнүчтүү көрүнүш… Үстүбүздөгү кылымдагы глобалдашуунун алкагында миң жылдар бою келе жаткан динибиздеги жана салтыбыздагы коңшунун орду жоголуп кетпөөгө тийиш. Ошондуктан коңшу-колоңду кез-кезде чайга чакырып, сый-тамак уюштуруп, коңшулук катышты жандантуу зарыл. Пайгамбарыбыз Абу Заррга (Алла андан ыраазы болсун) мындай деп сунуш кылган:

إِذا طَبَخْتَ مَرَقا فَأَكثِرْ مَاءَه، ثمّ انظر أهل بيت من جيرانك، فأصبهم منها بمعروفٍ

«Тамак бышырсаң суусун көбүрөөк кош, андан кийин кошуналарыңа ыңгайына жараша икрам кыл».[14]

Динибиз кошуна менен жакшы ымалада болууга канчалык үндөсө да, кээ бирлер кошунасын капа кылып эле басып жүрөт. Күн алыс урушуп-талашат, ушакташат, атайын тынчын алат же дагы ушул сыяктуу жагымсыз мамилени тандап алат. Кошунага кыйытып сүйлөп, кытмыр күлүп, сын тагып, айтор психологиялык басым кылгандар аз эмес. Кээ бирлери кошунага атаандашууну адат кылып алат. Мунун баары жакшы көрүнүш эмес. Куттуу хадистерде кошунаны кордоп, ыдык көрсөтүүгө тыюу салынган:

من كان يؤمن بالله و اليوم الآخر فليقل خيرا أو ليصمت، و من كان يؤمن بالله واليوم الاخر  فلا يؤذ جاره، و من كان يؤمن بالله و اليوم الآخر فليكرم ضيفه

«Ким Алла жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо жакшы сүйлөсүн же унчукпасын; ким Алла жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо коңшусун ыза кылбасын; ким Алла жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо коногун сыйласын».

Демек, коңшуну ызалантуу ислам динин тутунгандарга такыр жарашпаган касиет. Ал тургай, момун кайырдин коңшулары менен да жакшы карым-катышта болууга тийиш.[15] Арам саноо, буюм-тайымына уруксатсыз кол тийгизүү, ар намысына шек келтирүү, малын же жерин тартып алуу, дүйнө-мүлкүнө көз артуу сыяктуу аракеттер менен кошунанын  акысына кирүү, тынчын алуу, коркунуч жаратуу «мен мусулманмын» деген кишилерге таандык сапат эмес! Эгерде кимдир бирөө коңшусунан коркуп, «коңшум качан жамандык жеткирер экен» деп тынчы кетип, түн уйкусу бузулса, анда наркыда чоң маселе бар. Адамзаттын мырзасы Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кошунасынын тынсыздануусуна себеп болгон адамды катуу айыптаган:

لا يَدْخُلُ الجَنَّةَ مَنْ لاَ يَأمَنُ جَارُهُ بَوَائِقَهُ

«Кошунасына тынчтык бербеген адам бейишке кирбейт».[16]

Жыйынтыктап айтканда, азыркы тапта коңшулук мамилелерине олуттуу көңүл буруу керек. Анткени ааламдашуу жараяны кылымдар бою келе жаткан кошуналык баалуулугуна доо кетирип жатканы талашсыз чындык. Ар бирибиз пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кошуналык  боюнча айткан сөздөрүнө канчалык деңгээлде амал кылып жатабыз деген суроонун үстүндө ойлонуубуз зарыл. Арийне, кошуналык акысы дегенде бир нече үйдөн турган чакан айылдан тарта кошуналаш мамлекеттерге чейинки масштабды эске алуу зарыл…        

Даярдаган; Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] Ибну Маажа, Зухд, 24; Тирмизи, Зухд, 2

[2] Абу Дауд, Адаб, 122-123

[3] Ибн Ханбал, II, 440

[4] Ниса сүрөсү, 36

[5] Замахшари, I, 267-268

[6] Тирмизи, Бирр, 28

[7] Муватта, Сыфатун-Наби, 10

[8] Муслим, Бирр, 143

[9] Хаким, Мустадрак, 4/183, №: 7307

[10] Дарими, Сияр, 3

[11] Бухари, Шуфа, 2

[12] Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф, Рухий тарбия: Хулкланиш, III т., Ташкент – 2008,  341-342-бб.

[13] Табарани, аль-Муъжамул-Кабир, IV, 268

[14] Муслим, Бирр, 143

[15] Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011,  IV т., 341-б.

[16] Муслим, Ийман, 73