Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү жеке ишкер тарабынан жаңы мечит курулууда

Жалал-Абад облустук казыятынын Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков аталган шаардын  Ленин көчөсүндө жаңы курулуп жаткан мечиттин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, мында иштеген усталарга түшкү тамагын уюштуруп берди. 

Мечит салууга жергиликтүү тургун Камилжан Камчыбеков өз ыктыяры менен 6 сотых жер тилекесин бөлүп берсе, дагы бир тургун, жеке ишкер өз чөнтөгүнөн мечитти салууга каржылык колдоо көрсөткөн.

“Жакшылыкка жанашуу максатында жеке ишкер тарабынан курулуп жаткан мечиттен кабар алып келдик. Буюрса кышка чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүүнүн алдында турабыз”,-деди баш имам хатиб.