Жалал-Абад шаарынын борбордук мечитинин короосун иретке келтирүү иштери башталды

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан борбордук  “Исмаил Ал- Бухарий” мечитинин имам хатибинин демилгеси  менен  мечиттин айлана-чөйрөсүн   оңдоп-түзөө  иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда аталган мечиттин имам хатиби Нематулла ажы  Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, мечиттин короосун иретке келтирүү иштерине кеткен каражат мечит жамаатынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда.

“Жалпы жолунан оңдоп-түзөө иштерине 200 000 сом акча каражаты сарпталды. Кышка карата даярдыктар көрүлүп,  сууну үзгүлтүксүз берүү үчүн түтүктөрүн калыбына келтирдик”,-деди мечит имамы Нематулла ажы.