Кара-Кулжа районунда Жараткандан элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу «Аз.  Билам» мечитинде Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен Жараткан Алла Тааладан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, тынчтыгын тилеп, кан чыгарып бата кылынды.

Иш-чарага хатибият кызматкерлери, мечит имамдары жана жергиликтүү жамаат катышты.

«Коронавирус илдети менен бүткүл дүйнө жүзү анын ичинде Кыргызстанды дагы бир жолу күрөшүп жатат. Бул Жараткан Алла Таала тарабынан берилген чоң сыноо. Мындай учурда Жаратканга тообо кылып, истигфар айтабыз. Ошону менен бирге Республикалык штаб тарабынан көрсөтүлгөн санитардык талаптарды да так сактап, ушул дарттан тез аранын ичинде арылууну Жараткандан тилейбиз», — деди Дастан ажы Мамаев.