Бакай – Ата районунун борбордук мечити кеңейтилип, бардык шарты менен салынууда

Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев  Бакай – Ата районунун борбордук мечитинин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бакай – Ата районунун баш имам хатиби Үсөн ажы Жороев билдирди.

Анын айтымында, Бакай – Ата районунун борбордук мечитин кеңейтүү максатында анын оң жак тарабына кошумча курулуш иштери башталган. Анда жаңы заманбап даараткана, имам хатибдин иш ордун куруу пландалган.

Курулуш иштерине кеткен каражатты жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөр колдоо көрсөтүүдө.

Жеринде курулуш иши менен таанышуу учурунда Таалай ажы Бапиев демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, мечит салууга көмөк көрсөткөндөргө ак батасын берди.